Нарында окуучулар үчүн жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 16-октябрда Нарында окуучулар үчүн жаңы мектеп эшигин ачты. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы билим уясын куруу иштери 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Мектеп 2 кабаттуу 2 окуу корпусунан туруп, 225 орунга ылайыкташтырылганын билдирет Жыпаркулов.

«Бүгүнкү күндө мектептин курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү. Мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары да 100%га аткарылды»,-дейт Жыпаркулов.

Кошумчалай кетсек 7 жыл бүтпөй турган мектеп, быйыл ишке кирди.

16 Октябрь 2023 жыл 12:55

Тема боюнча