
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан Нарын облусуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жери мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тактагандай, Кара-Тал участогунун жайыт жерине 3 жаран үй, короо-сарайларды мыйзамсыз куруп алган.
Жыйынтыгында бул факты боюнча материалдар Нарын РИИБге жана Нарын региондук архитектура курулуш контролдоо башкармалыгына өткөрүлүп берилди.