Нарында жер титирөө болду

19-мартта саат 19:16да Нарын облусунун Ак-Талаа жаан Нарын райондорунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, титирөө Ат-Талаа районунун Кара-Ой, Кадыралы, Жаңы-Талап айылдарында 4 баллга, Ак-Кыя айылында 3,5 балл, Баетов айылында 3 балл сезилген. Ал эми Нарын районунун Учкун, Ак-Кудук, 8-март айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

20 Март 2025 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча