Ноокендке жайлоого мал айдап кетип жоголгон жаран бир айдан бери дайынсыз

Жалал-Абаддын Ноокен районунда жайлоого мал айдап кетип дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштерине бүгүн, 9-январда 62 киши тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Издөө иштерине 36 куткаруучу, 15 ИИМ жана 5 мэрия кызматкери жана дайынсыз болгон жарандын туугандарынан 6 киши чыккан.

Эскерте кетсек, Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы тургуну (М.Д.) 2024-жылы 15-декабрда Сүттүү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. ӨКМ билдиргендей, аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүүдө.

9 Январь 2025 жыл 10:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча