Эми Нурлан Сулайманкулов башкы прокурор болобу?

Башкы прокурордун кызмат ордуна бир нече талапкер каралууда. Бул тууралуу кактус медиасы өздүк булактары билдиргегин жазды.

Алардын айтымында, Нурлан Сулайманкулов баш болгон үч адамдын талапкерлиги каралууда.

Нурлан Сулайманкулов 2016-жылы жаан учурунда жардамчысына кол чатыр көтөртүп койгону аркылуу коомчулукка белгилүү болгон.

Ал кезде Сулайманкулов Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген.

Учурда Сулайманкулов КР Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

Белгилей кетсек, Сулайманкулов комиссиянын курамында болгон, анын жыйынтыгы боюнча Курманкул Зулушевге сөгүш жарыяланган.

3 Июнь 2024 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча