
Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева өзүнүн социалдык баракчасына «Нур» академиясынын негиздөөчүсү, алып баруучу, психолог Нурзат Токтосунованы сындап билдирүү жазган. Ал постунда «Эмнеге Нурзат Токтосунова Полистинага боор чапкандай, Баткенде кырчындай жигиттер кыйылып жатканда унчукпады экен?»,-деп суроо салган.
Буга жооп кылып Нурзат Токтосунова да билдирүү жазды.
«Гүлзат Аалиева элге тийишсеңиз да мага тийишпей жүрүңүз! Баткенге боор чаап, акча, продукты чогултуп жүргөнүмдү көргүңөр келген эмес. Эмнени аңдысаң-ошол гана көрүнөт эмеспи. Баткен тууралуу да сүрөт, видеолор бар кааласаңыз. Ии баса, сиз качып жүргөн сүйлөшчү сөзүбүз бар эмес беле. Ошого байланышып коюңуз, номериңизди миң өзгөртпөй»,-деди Токтосунова.