Казакстанда окуучулар намаз окуган видео кайсы мектепте тартылганы такталууда. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн билим берүү министри Гани Бейсембаев билдирди.
Ал видео тартылган окуу жайы аныкталгандан кийин чара көрүлөрүн айтты.
«Мектеп — бул билим берүү мекемеси. Анда эч кандай диний жөрөлгөлөр жасалбашы керек», — деди ал.
Министр билим берүү мекемелеринде намазканаларды ачууга дагы каршы чыкты. Анын айтымында, мектептерде билим менен тарбияга гана берилет.
Белгилей кетсек, Казакстандын социалдык тармагында намазга жылгылган балдардын видеосу таркаган.