Окуучулары кышкы каникулга качан чыгары айтылды

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары кышкы каникулга качан чыгары тууралуу маалымат берди.

Министрликтен Reporter.kg’ге билдиришкендей, окуучулар 1-январдан 15-январга чейин каникулга чыгат. Ошол эле учурда 30-31-декабрь дем алыш күндөргө туура келгендиктен, окуучулардын эс алуусу 2 күн эрте башталат. Балдар 15-январда мектепке бара баштайт.

19 Декабрь 2023 жыл 13:48

Тема боюнча