Олимпиада-2024. Кыргызстандын дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу утулуп калды

Париждеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгып, атаандашынан жеңилип калды.

Ал 1/16 финалда 66 кг салмак категориясында украиналык спортчу, 2022-жылдагы Европа чемпиону Богдан Ядов менен кез келди.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

28 Июль 2024 жыл 22:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча