Олимпиадада Түштүк Кореянын спортчулары менен сүрөткө түшкөн, Түндүк Кореянын спортчулары жазаланат

Түндүк Кореянын стол тенниси боюнча спортчулары Парижде өткөн жайкы Олимпиада учурунда тартылган сүрөтү үчүн бийлик тарабынан жазага тартылып калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Daily NK жазды. 

Маалыматтарга караганда, Түштүк Кореялык спортчулар менен сүрөткө түшүп жатып жылмайган Ли Жон Сик менен Ким Кым Ёнду партия өкүлдөрү айыпташты. Спортчуларга үч этаптан турган идеологиялык сынак өткөрүлөт.

Ал 15-августта спортчулар мекенине кайтканда башталган, бир айга созулат. 

28 Август 2024 жыл 9:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча