Саясат -саясаты менен демекчи бүгүн спорт жаатында жакшы саамалык болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитети олимпиадалык стипендия ала турган спортчулардын тизмесин жарыялады.
Тизмеге 8 спорт түрү боюнча 18 спортчу кирди.
Бул спортчулар 2025-жылдын сентябрынан 2028-жылдын июлуна чейин ай сайын 500 доллардан алышат.
Стипендияларды тапшыруу аземи 14-октябрда Бишкектеги Улуттук олимпиадалык комитеттин кеңсесинде болуп өттү.
КР УОКтун маалыматына караганда, Токио оюндарынан мурда 10 спортчу, ал эми Париж олимпиадасынын алдында 15 спортчу стипендия алган.
«Бул стипендия программасы спортчуларга машыгууларга толук көңүл бурууга, чеберчилигин жогорулатууга жана Кыргызстанды Олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү көрсөтүүгө жардам берет», — деп айтылат УОКтун билдирүүсүндө.
Стипендия алуучу спортчулар тизмеси:
• Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү
• Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү
• Эрназар Акматалиев — эркин күрөш
• Бекзат Алмаз уулу — эркин күрөш
• Айсулуу Тыныбекова — эркин күрөш
• Мээрим Жуманазарова — эркин күрөш
• Айпери Медет кызы — эркин күрөш
• Кальмира Билимбекова — эркин күрөш
• Ихтияр Нышонов — бокс
• Мырзакир Кошалиев — бокс
• Зарина Асанова — бокс
• Денис Петрашов — сүзүү
• Эрлан Шеров — дзюдо
• Адина Кочконбаева — дзюдо
• Родион Туйгунов — кайык менен сүзүү
• Арууке Талантбекова — ок атуу (пулевая стрельба)
• Асель Шарбекова — жаа атуу
• Айнуска Калил кызы — жеңил атлетика