«Орленок» балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды

Чүй облусунун Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген «Орленок» балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«1994-жылы Жайыл районунун айрым кызмат адамдары жалпы аянты 41200 чарчы метрди түзгөн Боксо-Жол айылынын аймагында жайгашкан «Орленок» балдар лагерин жеке жакка мыйзамсыз чыгарууга көмөктөшкөн», — деп билдирет УКМК.

Кийинчерээк аталган лагерь эс алуу жайына айландырылган. Маалыматка ылайык, аталган объекттин ээси мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын мойнуна алып, аны Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

14 Февраль 2025 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча