Орозайым Нарматова: » Садыр байке «адашкан ак куулар келдиңерби?» деп тамашалап тосуп алды…» (видео)

Орозайым Нарматова камактан чыккандан кийин Садыр Жапаров тарабынан чайга чакырылганын айтты. Бул тууралуу SuperTV телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүндө берген маегинде жаш саясатчы билдирди.

«Ушунча кеп болуп калды, эми айтпасам, туура болбой калат. Эгерде азыр мен туура сөздү айтпай койсом, анда бул элге ушак катары туура эмес жагдайда тарап кетиши ыктымал. Мен камакта отуруп чыккандан кийин Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршааевич мени чайга чакырды. Келип, даам сызып, чай ичип кеткиле дешти. Садыр Нургожоевич менен 2018-жылдан бери көрүшө элек болчумун. Чакырбаган жерге барба, чакырган жерден калба деп коюшат эмеспи, мен улуумун, ажомун, мен УКМКнын төрагасымын деп текеберленбей, мендей жөнөкөй карындашын чайга чакырганы үчүн бардым. Садыр байке «адашкан ак куулар келдиңерби?» деп тамашалап тосуп алды. «Торду жайып тосуп алсаңар, келбегенге арга жок болду» деп жооп кылдык. Ал жерде көп сөз болду, «адашпай, эмоцияга алдырбасаң, эл үчүн иштеп жүрмөксүң» дешти», — деди экс-депутат.

2 Март 2024 жыл 12:45

Тема боюнча