Орточо айлык 35 791 сом. Сиз канча аласыз?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте кыргызстандыктардын айлыгынын өсүү динамикасы боюнча маалымат берди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзамдардын долбоору каралган отчетун укту.

Ага ылайык, үч жылдын ичинде республикада орточо айлык 15 542 сомго жогорулаган:

2021-жылы — 20 249 сом ($239);

2022-жылы — 26 620 сом ($316);

2023-жылы — 31 674 сом ($376);

2024-жылга божомол боюнча — 35 791 сомго ($415) жетет.

14 Ноябрь 2024 жыл 13:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча