Орунбеков «Ала-Тоо» аянтына илинген тууну сындагандарга жооп берди

Президенттин маалымат саясатынын башчысы Дайырбек Орунбеков борбордогу «Ала-Тоо» аянтына илинген жаңыланган туунун кемчилиги тууралуу жазып жаткандарга жооп берди.

Ал социалдык баракчасына мындай деп жазды:

«Элдер жаңы жыл тосуп, жакындары менен жолугуп, жакшы тилектерин айтып жатса — айрымдар жылдын алгачкы босогосун жалган маалыматтарды таратуу менен баштап жатышат. Аянттагы туунун бир нуру бүктөлүп калган учурун сүрөткө тартып алып, 39 эле болуп калыптыр деп жалган айтышууда.

Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат. Ар кандай кырдаалдан кыйкым издегендер го мейли, адекваттуу эле досторубуз алардын манипуляциясына ишенип алышыптыр. Үйдө отуруп алып ушактарды талкуулабай, барып эсептеп койсоңуздар болот»,-дейт Орунбеков.

Кошумчалай кетсек, борбордук аянткка илинген жаңы туу депутаттар кабыл алган тууга окшошпой жаткандыгын жазып жатышкан.

3 Январь 2024 жыл 9:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча