Орунбеков тууну өзгөртүүгө мамлекеттен акча корутулбашын жазды

Туу демөөрчүлөрдүн эсебинен даярдалат, мамлекеттин бюджетинен каражат жумшалбайт. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Так эмес маалыматтарды таратпоого чакырабыз», — деп жазды ал.

Буга чейин иликтөөчү журналист Болот Темиров жергиликтүү бийликтегилер Мамлекеттик сатып алуулар порталында жаңы желектерди сатып алуу боюнча тендер жарыялай баштаганын жазып чыккан.

31 Декабрь 2023 жыл 8:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча