Мамкурулушутун башчысы Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары курулуш тартиптерин бузуп жатса, курулуш короолорунда паспорттору жок болсо, автоунаалары баткак же кир болсо түздөн-түз мамкурушка кайрылууну сунуштады.
«Урматтуу мекендештер, эгер курулуш компаниялары курулуш тартиптерин бузуп жатса, курулуш короолорунда паспорттору жок болсо, автоунаалары баткак же кир болсо түздөн-түз мамкурушка кайрылыңыздар! Чараларды көрөбүз, курулуш лицензияларын токтотконго чейин барабыз жана жөн эле айып-пул менен чектелбейбиз!. ТАЗАЛЫК СЕНДЕН БАШТАЛАТ!»,-деп жазды Орунтаев.