Орунтаев: «Сапаттуу үйлөрдү кура турган чыныгы компанияларды түзүшүбүз керек»

Мамкурулуш курулушка лицензия берүүнү токтотту. Бул тууралуу анын жетекчиси Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 6 миңден ашык курулуш лицензиялары берилгени менен 300-400 компания иш жүзүндө иштеп жатат, калган лицензиялар пайдаланылбай же үчүнчү жактарга кымбат баада сатылып жатат. «Биздин 1000 сомго мамлекеттик алым жана коррупциялык ыкмалар менен алынган лицензиялар кантип 350 миң сомго сатылып жатканын ачык айтыш керек, мунун баарын токтотобуз, бул кайра сатуулар токтошу үчүн биз катуу чектөөлөрдү киргизебиз. жана алар үчүн сатуу жөн эле пайдасыз», — деди Мамкурулуштун жетекчиси.

Орунтаев мындан ары курулуш компанияларына бир жыл ичинде салык төлөбөсө, курулуш лицензиясы жокко чыгарылат деген талап коюларын эскертти. «Биз чыныгы атаандаштыкты түзүп, чыныгы үйлөрдү кура турган чыныгы компанияларды түзүшүбүз керек», — деди ал.

18 Декабрь 2023 жыл 13:11

Тема боюнча