Орусия Кыргызстанды бензин жана дизель менен толук камсыздайт

Орусия кыргызстандык керектөөчүлөрдүн бензин жана дизель майына болгон муктаждыгын толук камсыздайт. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Путин Бишкекке расмий сапары алкагында өткөн сүйлөшүүлөрдө билдирди.

Ал белгилегендей, Орусия Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүчү негизги өлкө. Өткөн жылы 1 миллион 200 миң тоннага жакын күйүүчү май экспорттолсо, быйыл да ошондой көлөмдө берилет.

Орусия президенти Владимир Путин 12-октябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Анын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Быйыл Орусиядан келген мунайдын баасы жыл башынан бери дүң баада 50%га, Кыргызстандын ичинде чекене баада 20%га өстү.

Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов, Орусиянын мунай өндүргөн 7 ишканасында оңдоо-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан, өкмөттөр аралык келишимде былтыркы жылга салыштырмалуу импорттун көлөмү аз бекитилгендиктен, баа туруктуу болбой жатканын билдирген.

16 Октябрь 2023 жыл 8:30

Тема боюнча