Орусияда бийликти күч менен басып алууга шектелген жаран кармалды

РФнын Москва шаарында УКМК тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга, басып алууга чакырыктарды жарыялаган “Фейсбук” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган КР жараны “К.Н.К.” мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “К.Н.К.” Россия Федерациясынын аймагынан кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинди.

Учурда соттун санкциясынын негизинде “К.Н.К.” 2023-жылдын 20-ноябрына чейин КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

15 Ноябрь 2023 жыл 9:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча