Орусиянын Тверь облусунда мигранттар жашаган жатаканага өрт койгон адам кармалды. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы окуя 20-октябрда болгонун билдирди.
«Тургундардын бири өрттөн качып, экинчи кабаттын терезесинен секирип жаракат алган. Өрттөн бир бөлмө да күйүп, жатакана коридору жабыркаган. Учурда үй ээсине келтирилген чыгымдын суммасы такталууда», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Ал эми айыпталуучу учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин департамент тактады. Ага карата берененин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыян келтирүү, беш жылга чейин эркинен ажыратуу). Тактап айтканда ал адам эми беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бул тууралуу видео дагы жарыяланып, анда коридордо желим бөтөлкөдөн бир нерсе куюп жаткан адамды көрүүгө болот . Андан соң ал башка адамдар менен урушуп, жатакананы өрттөп жиберет.
Шектүү киши жатаканага бензин чачып өрттөгөнүн мойнуна алган. Ал эми азыр аталган жатакананын жашоочулары жергиликтүү маданият үйүнө убактылуу жайгаштырылганы маалымдалды.