Москванын Люблин райондук соту «Садовод» базарында полиция кызматкерлери менен жаңжалдашкан 73 мигрантты административдик камакка алуу чечимин чыгарды.
Маалыматка ылайык, сот 51 мигрантты «Полиция кызматкерлеринин талабын аткарбоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Дагы 22 мигрант «Орусияда жүрүү эрежесин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу борборго жеткирилди.
«Садовод» базарынын жанындагы окуя 15-декабрда болгон. «Осторожно, Москва» телеграм-каналынын маалыматына караганда, алгач МАИ кызматкерлери 21 жаштагы тажик жаранынын документтерин текшерүү максатында анын автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу талапка баш ийбей, полиция кызматкерин бир нече метрге чейин сүйрөп барып, качып кетүүгө аракет кылган. Кийин унаадан түшүп, полиция кызматкерине кол салган.
Көп өтпөй окуя болгон жерге ондогон киши келип, полиция менен кагылышуу болгон. Интернетте тараган видеодо тартип сакчылары абага бир нече жолу ок чыгарып, андан соң чогулгандарды жапырт кармоого өткөнүн көрүүгө болот.
21 жаштагы тажик жаранына «Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу» жана «Бийлик өкүлүн кемсинтүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Люблин райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалды.