Орусияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнөлүк кубокто Бекзат Эргешов күмүш медалга ээ болду

Орусиянын Нижневартовск шаарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнөлүк кубокто кыргызстандык спортчу Бекзат Эргешов күмүш медалга ээ болду.

Кыргызстандык мушкер 51 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыга алды. Финалда ал орусиялык спортчу менен беттешти.

Үч раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти орусиялык спортчуга беришти. Эргешов 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Рысбек Бектенов (60 кг чейин), Султан Асанкул уулу (75 кг чейин) жана Ооматбек Элчоро уулу (92 кг чейин) коло медалга ээ болушту.

30 Март 2024 жыл 9:43

Тема боюнча