Орусияда жол кырсыктан Кыргызстандын жараны каза болду

Орусияда жол кырсыктан Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсык 29-мартта Челябинск-Троица унаа жолунун 93-чакырымында болгон. Анын кесепетинен 1973-жылдын туулган Ж.Г.М. аттуу кыргыз жараны алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.

«Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси иштелүүдө», — деп айтылат маалыматта.

31 Март 2024 жыл 14:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча