Орусиядагы суу каптоодо 2450 үй суу астында калды

Орусиянын дамба жарылган Оренбург облусундагы абал курч бойдон калууда. Облустагы Орск шаарын Урал дарыясынан коргоп турган дамба 5-апрель күнү жарылып, суу каптаган.

Орск шаарында 2450 үй суу астында калды. Оренбург облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам жарылган. Бул боюнча кылмыш иши козголду.

700 куткаруучу иштеп жатат.

8 Апрель 2024 жыл 8:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча