Орусиядан мыйзамсыз ташылып келаткан тоок эти артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Орусиядан мыйзамсыз ташылып келаткан 21 миң килограмм тоок эти Кыргызстанга киргизилбегенин кабарлады.

Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунун “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык постунун инспекторлору Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келаткан 21 миң килограмм тоок этин текшерип, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ветеринардык-санитардык талаптары бузулганын аныкташкан.

Министрлик товар маркировка болбогону такталганын кошумчалады.

Жыйынтыгында “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынын инспекторлору тиешелүү акт түзүп, жүк кайра Орусияга артка кайтарылды.

6 Март 2025 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча