
Орусиянын Саратов облусунда Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы катталганын «СарИнформ» жазды.
Кырсык 1-декабрда Ершов—Озинки трассасында катталган. Toyota Sienna унаасы болжол менен саат 02:20 чамаларында унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаада 8 адам болгон. Алардын баары кыргызстандыктар. Кесепетинен 27 жаштагы жигит каза болгон. Ал эми 5 адам ооруканада.