Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалды

Кечээ, 23-сентябрда  кечинде Ош аэропортунан 13 жаштагы кыз уурдалды. Бул тууралуу облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси милицияга кайрылып «Перехват» планы жарыяланган.

«Киа К5 үлгүсүндөгү унаа менен Баткен облусу тарапка алып кетишкен. Натыйжада машина Ноокат районунан кармалды. Анын айдоочусу 31 жаштагы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну болгон», — деп айтылат маалыматта.

Иштин материалдары РИИБге өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.

24 Сентябрь 2024 жыл 13:02

Тема боюнча