Ош базары шаардын сыртына көчүрүлөт

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров «Ош» базар шаардын тышына көчүрүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, идеяны Садыр Жапаров колдоого алды.

«Кудай буюрса, бул долбоорду жазында ишке ашыра баштайбыз. «Ош» базарындагы ири соода комплекстеринин ээлери буга каршы эмес. Базарды көчүрүү экономикалык жактан пайдалуу. Негизи эле бардык өнөр жай базалары менен объектилерди шаардын тышына чыгарыш керек. Ошондо шаарыбыз жашыл, кооз болот. Садыр Жапаров бизди колдоп, туура жолдо баратканыбызды айтты», — деди мэр.

3 Сентябрь 2023 жыл 13:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча