«Ош Эл Аралык» аэропортуна киргизилген убактылуу чектөө алынды

Ош шаарындагы «Ош Эл Аралык» аэропортуна киргизилген убактылуу чектөө саат 11:15те алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Белгилей кетсек, шаарда туман түшүп жаткандыгына байланыштуу бүгүн саат 07:40тан тартып учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилген болчу.

10 Февраль 2025 жыл 12:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча