«Ош» эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайына байланыштуу «Ош» эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учактардын конуусуна бүгүн саат 07:40тан тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Белгилей кетсек, мындай чечим Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу кабыл алынды.

10 Февраль 2025 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча