Ош шаарында 9-май күнү иш-чарага окуучулар катышпайт

Ош шаарында 9-май күнү саат 09:30дан тарта борбордук аянтта театралдык, маданий концерттик программа тартууланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаада «Өлбөс полк» жүрүшү жана аскердик парад өткөрүлбөйт.

Муниципалитеттин  маалыматында Жеңиш күнүнө арналган иш чарага окуучулар тартылбастыгы айтылат.

«Массовкада дагы, чыгармачыл топтордо дагы окуучулар болбойт. Балдар чыгармачыл борборлунун бий тайпаларын дагы катыштырган жокпуз. Атүгүл театрлдашкан постановкадагы балдардын ролун дагы окуучулар аткарбайт», — дейт Ош мэриясы.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сузактагы окуядан кийин балдарды массалык иш чараларга катыштырууга тыюу салган.

9 Май 2024 жыл 8:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча