Ош шаарында жаштардын муниципалдык борбору курулууда

Ош шаарында жаштардын муниципалдык борбору курулууда. Ош шаарынын мэриясы белгилегендей, курулуштун жүрүшүнөн калаа башчысы Бакытбек Жетигенов кабар алды.

3 кабаттан турган борбордо жаштардын ар тараптан өсүп-өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп, IT-Хаб, акысыз чет тил курстары, китепкана, коворкинг, компьютердик бөлмөлөр болот.

Борбордо жаштар окуп, жаңы долбоорлорду, идеяларды талкуулашып, чыгармачыл жана инновациялык иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алышат.

Белгиленгендей, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жаштар борбору өлкөдөгү биринчи борбор болуп саналат. Долбоордун жалпы суммасы 46 млн сомду түзөт. 100 миң доллар ПРООНдун Жаштарды колдоо долбоорунан бөлүнөт. Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы жаштардын саны 150 миңден ашат.

22 Октябрь 2024 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча