Ош шаарынын көчөсүндөгү борбордук базар бир айдан кийин жабылат

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү борбордук базар бир айдан кийин 20-февралда жабыла турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, базарды 20-январда жабуу чечими соодагерлердин суранычы менен бир айга артка жылдырылган.

Эми соодагерлер 20-февралга чейин Б.Осмонов көчөсүндө салынган жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп барышы керек.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия борбордук базар 20-январда жабыларын, электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотуларын кабарлаган.

21 Январь 2025 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча