
Ошто 14 жаштагы кыз беш кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштады. Маалыматты Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 2-сентябрда саат 10:30да Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн жашы жете элек кыз ар кандай жаракаттар менен түшкөнү кабарланган.
«2010-жылы туулган окуучу Төлөйкөн кичи районундагы үйүнө барып, беш кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, боюн таштагыны аныкталган. Кыздын жамбаш сөөгү сынып, дагы башка жаракаттарды алган, учурда реанимацияда жатат. Бул факты боюнча милиция тергөө иштерин баштады»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми кыздын эмне себептен мындай кадамга барганы териштирилүүдө.