Ошто кафеден чыккан жалындуу от өчүрүлдү

Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан кафедеги ири өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Алоолонгон жалынды өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, автошаты жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.

«Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен тилсиз жоодон коңшу жайгашкан имараттар, үйлөр сакталып калды», — деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

17 Декабрь 2023 жыл 13:23

Тема боюнча