Ошто кызыл сызыкка чыккан курулуштар сүздүрүлүүдө

Ош шаарында кызыл сызыкка чыккан курулуштар сүздүрүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Күн мурун Мамыров көчөсүндө тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар тарабынан кызыл сызыкка чыгып кеткен мыйзамсыз жана убактылуу курулуштарды алып салуу иштери жүрүп жатат. Буга чейин аталган жеке менчиктердин ээлерине алдын ала тиешелүү билдирүү менен эскертүүлөр берилген.

«Бузулган объектилердин ордуна, заманбап сквер, парк курулуп, бул көчөдө жашаган тургундардын эс алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

18 Февраль 2025 жыл 9:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча