Ошто май куючу жайлар алынууда. Себеби?

Ош шаарында Ы.Монуев менен А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «МПА» жана 2 «Red Petroleum» май куючу жайларды алып салуу иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аларды алып салуу эки деңгээлдүү жолдун жана өтмөктү куруу иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.

Аталган жайлардын ээлери Ош шаарынын мэриясынын сунушун кабыл алып, коомчулуктун дагы пикирин эске алуу менен бузуп алуу боюнча иштерди алып барууда.

Май куючу жайлар шаардын ортосунда, көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкандыктан, көп жылдан бери кооптулукту жаратып келген. Андыктан аталган жумуштар жарандардын коопсуздугу үчүн жүргүзүлүүдө.

29 Январь 2025 жыл 12:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча