Ошто мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуу-семинарлары өткөрүлдү

Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлерин иш кагаздарын жүгүртүүдө мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткаруу жана сабаттуулукту арттыруу максатында кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуу-семинарлары өткөрүлдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул жолу шаардагы 80 ге жакын мекеме-ишканалардын тиешелүү адистери окутулду.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын мамлекеттик тилди пайдалануу талабынын негизинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан мындай окуу-семинарлары жыл боюу улантылат.

9 Февраль 2024 жыл 11:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча