
Ошто Роза Мамасадыкова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2008-жылы туулган кыз 8-март күнү саат 12:00 чамаларында Ош шаарындагы Навои мектебинин маңдайында жайгашкан аялдамада бир аз туруп, апасынын алаксып калганынан пайдаланып, түндүк тарапка карай басып кеткен боюнча үйүнө барган эмес.
Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, (03222) 4-82-82, 0990-90-79-18 номурларына чалсаңыздар болот.