Ошто уюшкан кылмыштуу топтун «Тилла» аттуу мүчөсү кылмышка шектелип кармалды

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

11-сентябрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1967-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 10-июль күнү жаран ДЭУ МАТИЗ үлгүсүндөгү унаасын убактылуу пайдаланып турайын деп алып, башка бирөөгө карызын төлөө үчүн берип жибергендигин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында,14-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган Тилла каймана аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы төрт миллион сегиз жүз миңден ашуун. Шектүү Өзбек Республикасынын криминалдык чөйрөсүндөгү таанымал болгон жарандар менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп жүргөндүгү маалым болду.

16 Сентябрь 2024 жыл 14:40

Тема боюнча