Оштогу селде жабыркагандарга мамлекет акча бөлөт

Оштогу селде жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сел жүргөн аймактарды карап чыгып жатып билдирди.

Ал бузулган үйлөрдү оңдоо үчүн 30-июлга чейин 500 миң сомдон жардам бөлүнөрүн айтты.

«Мамлекет силерди жалгыз калтырып койбойт. Толук жардам болот. Үйлөр кышка чейин бузулушу керек. ӨКМ, жергиликтүү бийлик, аскерлер сиздерге көмөктөшөт», — деди ал.

Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы базарды көчүрүүнү дагы убадалады.

«Ак-Бууранын жээгиндеги жайлар жылат. Базарды мэрия 2 айда көчүрөт. Аталган дарыянын жээгине эс алуу жайларын курууга уруксат бергендер жазаланат.», — дейт ал.

Камчыбек Ташиевдин маалыматында, жамгыр жаап, сел жүргөн күнү Папан суу сактагычынан адаттагыдан ашыкча, секундасына 59 куб метр агызылган.

19 Июль 2024 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча