Оштогу жаңы курулган көп кабаттуу үйдүн лифти аварияга учурап, бир адам каза болду

Ош шаарында лифт аварияга учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка карганда, 4-октябрь күнү «112» кызматынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө чалышып, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жаңы салынып бүткөн көп кабаттуу үйүнүн лифти катуу төмөн карай түшүп, ичинде бир адам калып калганын билдирген.

Аталган маалымат ошол эле замат Ош ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.Милиция окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөн учурда көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө лифт түшкөн жеринде азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жансыз дене Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну 1984-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ал 2 ай убакыттан бери лифт оңдоп, иштеп жүргөн.Азыркы учурда маркумдун каза болуусунун себептерин тактоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалып, аталган даректин видео байкоо камераларынын эске тутуу блогу алынган.

5 Октябрь 2023 жыл 16:07

Тема боюнча