Отунтаев Ошко барып, мыйзамсыз курулган курулуштарга чара көрүүнүн үлгүсүн көрсөттү

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Отунтаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш тармагында бир катар мыйзам бузууларды аныктап, жеринен чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан маалымат кызматынан кабарлашты.

Ош шаарындагы Г. Айтиев, 16А көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу тамактанучу жайдын имаратынын курулушу соттун чечиминин негизинде мыйзамсыз деп табылып, буздуруу иш чаралары жүргүзүлдү.

Курулушту тартипке келтирүүнү Отунтаев жеке өзү көзөмөлдөдү. Андан сырткары, ар бир курулуш же имаратты пайдалануу мыйзам талаасында гана жүргүзүлөрүн эскертти.

29 Ноябрь 2023 жыл 22:36

Тема боюнча