Атайын рейс менен Бишкек шаарынан учкан пакистандык студенттердин биринчи тобу Пакистандын Лахор шаарындагы аэропортко конду, деп жазат жергиликтүү WE news. басылмасы.
Студенттер 18-майга караган түнү болгон окуядан кийин кете башташты. Аларды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алды.
Ошондой эле, 19-майда Бишкекке Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар жана Кашмир иштери боюнча федералдык министри Амир Мукам келери жана мындай чечимди премьер-министр Шехбаз Шариф кабыл алганы маалымдалган.
Сапардын алкагында Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Бишкектин өкмөт өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, жабыркаган студенттерге колдоо көрсөтөт.
Белгилей кетсек, Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болуп, андан кийин 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде 200-300дөй адам чогулган.
Кийинчерээк Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында 18-майга караган түнү болгон окуянын хронологиясын жарыялаган.