Пара алууга шектелген сот кармалды

УКМК Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.нын пара алуу фактысын аныктаган. Ал ортомчу болгон М.С.А. аттуу адвокат аркылуу каралып жаткан жарандык иш боюнча оң чечим кабыл алгандыгы үчүн пара түрүндө 22000 АКШ доллары суммасында акча каражатын алган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мындан улам, Башкы прокурор Ленин райондук сотунун судьясы А.М.А.га жана адвокат М.С.А.га карата  Кылмыш-жаза кодексинин «Жооптуу кызмат адамы тарабынан ири өлчөмдө пара алуу» беренеси боюнча кылмыш иши н козгогон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында коррупциялык схеманын бардык катышуучулары күнөөсүн мойнуна алышкан.

13-февралда Судьялар кеңешинин, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен шектүү А.М.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда жогоруда аталган фактыларды документтештирүүгө, ошондой эле судья А.М.А.нын жана башка адамдардын ушундай эле кылмыш иштерин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам – тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

18 Февраль 2025 жыл 12:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча