Польшадагы мелдеште Исмалиов алтын, Бейшекеев күмүш байге утту

Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде кыргызстандык балбандар Амантур Исмалиов алтын, Раззак Бейшекеев күмүш байге утту.

67 кг салмакта күрөшкөн эки балбан финалга чыгып, алтын үчүн беттеш өткөрмөк. Бирок Раззак Бейшекеев кичүү болгондуктан, улууга урмат көрсөтүп Амантур Исмаиловго жеңишти берди. Ошентип Исмаилов алтын, Бейшекеев күмүш медалдын ээси болду.

21 Июнь 2024 жыл 9:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча