Президент Ашхабад шаарына жөнөп кетти
Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына жөнөп кетти.
Президенттин администрациясы өлкө башчы менен Түркмөнстанга кеткен расмий делегациянын курамында кимдер бар экенин маалымдады.
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров.
11 Октябрь 2024 жыл 9:23