Президент бир канча айылдардын атын өзгөрттү

Президент Садыр Жапаров «Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2024-жылы 5-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык:

Жалал-Абаддын Аксы районунун Таштак айылы Малкалды, Ноокен районунун Параканда айылы Баракелде;

Нарындын Кочкор районунун Большевик айылы Баялы Исакеев;

Таластын Бакай-Ата районунун Ынтымак айылы Шадыкан, Манас районунун Новодонецк айылы Айтматов, Талас районунун Козучак айылы Жанкороз Олуя,Балбал айылы Жаныбек Баатыр;

Чүйдүн Москва районунун Чоң-Арык айылы Сыйдалы;

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенка айылы Ак-Суу деп өзгөртүлдү.

22 Январь 2025 жыл 9:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча