Президент эски унаанын ордуна электромобилдер берилерин айтты

Кыргызстандыктар эски унааларын жаңы электромобилдерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Мухаммед Аль-Жассер менен жолугушууда билдирди.

Өлкө башчы Сокулук районунда кытайлык компания менен биргеликте жылына 80 миңге чейин электромобилдер чыгарыла турган автозавод курулуп жатканын белгиледи.

«Бул завод ишке киргенден кийин абаны булгап жаткан бардык эски машиналарды чогултуп, ээлерине 10-15 жылга [лизингге] электромобилдерди беребиз. Долбоорду ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында ишке ашырабыз”, – деди президент.

Ал ошондой эле Жапаров Кыргызстандын аймагынын баарын жашыл экономикага, жашыл энергетикага айландырганга көптөгөн аракеттер жасалып жатканын кошумчалады.

8 Июнь 2024 жыл 7:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча